Индия Кыргызстанга 126,3 миллион сомдук грант берет. Аталган макулдашууну ратификациядан өткөрүү үчүн экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сеитов парламентке алып келди.
Каражат билим берүү, медициналык билим берүү, айыл чарба, агроөнөр жай, энергияны кайра жаратуу, соода, транспорт жана байланыш багыттарына жумшалат. Мисалы, мектептерди, бала бакчаларды жабдууга, региондогу ооруканаларга, бейтапканаларга жабдыктарды, санариптик каражаттарды алууга сарпталат.
«Индия өкмөтү бир долбоорго 1,5 миллион доллардан бөлөт. Биз жылына беш-алты долбоорду ишке ашырууну пландап жатабыз. Индиянын Кыргызстандагы элчилигине гранттык жардам алууга табыштама жөнөттүк», — деди Сеитов.
Ошондой эле ал ратификациялоо мыйзамын бир эле учурда үч окуудан карап берүүнү суранды. Натыйжада маселе каралып, добуш берүүгө жөнөтүлдү.