Жогорку Кеңештин бүгүнкү  жыйынында казинолорду легалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору каралууда.

Анда депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров казинолорду чет элдиктер үчүн легалдаштырып жатканын белгиледи.

«Мурда казинолорго Ички иштер министрлиги «крыша» болуп келген. Эми казинолорго ИИМ, УКМК жана мен да «крышалык» кыла албайм. Биз казинолорду чет элдиктер ойносун деп легалдаштырабыз. Эгер мыйзам бузуулар болсо кармоого чейинки чаралар көрүлөт», — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу Кыргызстанга кайсы чет өлкөлүк бай адам келип казино ойной турганына кызыкты.

«Байлар Лас-Вегас, Макао жана Кипрге барышат. Алар казино үчүн Кыргызстанга келет деп ойлоп жатасызбы?», — деди эл өкүлү.

Ал эми Акылбек Жапаров Кытайдан, Орусиядан, Казакстандан казино ойноо үчүн Кыргызстанга келгендер бар экенин мурдагы анализдер көрсөткөнүн белгиледи. Ошондой эле ал чет элдиктер келерине үмүттөнөрүн, казино ачууну каалаган инвесторлор бар экенин кошумчалады.