Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов  Бегимай Турусбекованы кабыл алды. Бул тууралуу министр социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Министр Турусбекованын чыгармачылыгын ар тараптан колдоп, эл аралык сынактарга катышууга көмөктөшөрүн айтты.

Тактап айтканда, маданият министри Бегимай Турусбекованы “Central Asia’s Got Talent” сынагына жөнөтүүгө, ошондой эле Казакстан, Түркия жана Венгрияда өтө турган маданият күндөрүн өткөрүүгө кошуп, анын талантынын ачылышына жана эл аралык аренага чыгуусуна жардам берерин баса белгиледи.

Ал эми Бегимай Турсунбекова буга чейин М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайды жана Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетин окуп, бирок бүтүрө албай калгандыгын билдирди.

Азамат Жаманкулов Бегимай Турусбекованын бүтпөй калган окуусун кайрадан калыбына келтирүүгө жана аны аяктоосуна жардам берерин кошумчалады.

Эске салсак, Бегимай Турусбекова борбор калаадагы Ынтымак паркында Уитни Хьюстон менен Селин Диондун хит болгон ырларын ырдап, бир кундө интернет жылдызына айланып, чыныгы талант катары тааныла баштады.