Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 23-июнь — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамына менен куттуктады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, бул кызматтардын кадырлуу ардагерлери!
Сиздерди бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен Ош шаарынын мэриясынын жана жеке өзүмдүн атыман чын жүрөктөн куттуктайм!
Ар дайым сүйүктүү кесибиңиздерден баар таап, эл үчүн, мамлекет үчүн ак ниет менен кызмат кыла бериңиздер.
Урматтуу кесиптештер, акыркы жылдары мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасына мамлекет тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилесек болот.
“Мамлекеттик жаңы кадр саясаты жөнүндө” Президенттин Жарлыгы менен мамлекеттик жаңы кадр саясатынын негизги милдеттери белгиленген, алар: мамлекеттик жана муниципалдык кызматка калыс жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, дискриминацияга жол берилбестик, кесипкөй мамлекеттик аппаратты түзүү, карьералык өсүү, иштөө үчүн татыктуу шарттарды түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыга эмгек акыны төлөөнүн татыктуу шарттарын белгилөө, социалдык дем берүүнү жана башка мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды камсыз кылуу болуп саналат.
Ал эми кадрларды тандоону жана коюуну талапкерлердин жалаң гана кесипкөй жана моралдык-адеп-ахлактык сапаттарынын негизинде жүргүзүү, конкурстук тандап алууга, кадрлардын резервин түзүүгѳ ѳзгѳчѳ басым жасалууда.
Бүгүнкү күндө Ош шаарынын мэриясында, анын түзүмдүк жана аймактык бөлүнүштөрүндө кадрдык дайындоолор резервдин курамынан жүргүзүлүүдө. Алсак, ушул жылы Ош шаарынын мэриясынын кадрлар резервинин курамына 69 талапкер киргизилип, анын 21и бош ваканттык орундарга дайындалган. Мындан сырткары, 2021-2022-жыл ичинде ведомстволор аралык макулдашууларга ылайык ротация жолу менен 8 кызматкер дайындалган.
Мамлекет тарабынан акыркы мезгилде доллардын курсунун көтөрүлүшүнөн улам азык-түлүккө, күйүүчү майга жана башка керектелүүчү товарларга карата баанын жогорулашына байланыштуу зарыл чаралар көрүлүп, эмгек акыларды, жөлөк пулдарды жана башка төлөмдөрдү жогорулатуу үчүн бардык күч-аракеттер жумшалууда.
Мамлекет башчыбыз жүргүзүп жаткан саясатты колдоп, Ош шаарынын мэриясына караштуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланган муниципалдык ишканаларда иштеген кызматкерлердин эмгек акысын 2022-жылдын 1-январынан тартып 20 пайыздан баштап 110 пайызга чейин жогорулаттык. Бул айлык акыларды төлөп берүү үчүн жергиликтүү бюджеттен ушул жылга 100 млн. сом акча каражаты каралган. Буюрса айлык акыларды дагы жогорулатуу пландаштырылууда.
​Белгилеп кетүү керек, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер шаарыбыздын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана элдин бакубат жашоосуна маанилүү салым кошуп келишүүдө.
​Шаарыбыздагы мамлекеттик жана муниципалдык органдарда басымдуу бѳлүгү тажрыйбалуу жетекчилер жана кызматчылар, ѳз кесибин мыкты ѳздѳштүргѳн кесипкѳй, элдин ишенимине ээ болгон татыктуу адистер эмгектенип, жаш жана келечектүү кадрлар өсүп келе жатканы кубандырат.
Бүгүнкү күндѳ Ош шаарында бардыгы болуп 513 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер иштешет, анын 191и муниципалдык кызматкерлер. Жаш адистер жалпы кызматкерлердин 51,3 пайызын түзөт.
Урматтуу бүгүнкү кесиптик майрамдын ээлери! Сиздерге чың ден соолук, күч-кубат, жооптуу ишиңиздерге, эңсеген ой-максаттарыңыздарды жүзөгө ашырууда ийгилик, ыйык Ордолуу Ош шаарыбызга тынчтык жана гүлдөп-өнүгүү каалайм!
Сиздер көтөргөн демилгелердин, аткарып жаткан иштериңиздердин аркасында Ош шаарыбыз өнүккөн, гүлдөгөн шаарга айланат деген зор ишеним бар.
Дагы бир жолу майрамыңыздар кут болсун!