Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев 23-июнь мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди кесиптик майрамы менен куттуктады.
Урматтуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!
Мамлекеттик кызмат өтө жооптуу кызмат.
Сиздерге элибиздин келечеги, өлкөбүздүн тагдыры үчүн опол тоодой зор жоопкерчилик жүктөлгөн.
Анткени өлкөбүздүн бакубатчылыгы, мамлекеттик кызматкерлердин өз милдеттерин чоң жоопкерчилик менен сапаттуу аткаруусуна байланыштуу болот.
Мамлекет- кесипкөй кызматкердин, натыйжалуу аракетинин негизинде түптөлөөрү талашсыз.
Ушул тапта ар бириңиздерде Кыргызстанды, анын ичинде Баткен аймагын өнүктүрүүгө, элибиздин жашоо шартын жакшыртууга аракеттенүүгө жетиштүү мүмкүнчүлүктөр бар.
Ошондуктан Мамлекеттик кызматкерлер элибиздин жашоосун жакшыртууга бардык күч-аракетин, билимин жана жөндөмүн жумшайт деп ишенем.
Биргелешкен аракет менен өлкөбүздү социалдык-экономикалык жактан өнүктүрөбүз деген зор үмүт, талыкпаган аракет менен иштейли.
Өлкөбүздүн жаркын келечегине арналган ак эмгегиңиздер үзүрүн берсин.
Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер!
Дагы бир ирет сиздерди майрамыңыздар менен куттуктаймын!
Бардыгыңыздарга чың ден-соолук, бакыт-таалай жана Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм.