«Манас» аэропортунан Бишкекке жана кайра артка экспресс каттамдар жүрө баштайт. Бул тууралуу Кыргызстандын туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун президенти Елена Калашникова билдирди.

Анын айтымында, автобустар ушул айдын аягына чейин каттамга чыга баштайт.

«Башка коомдук транспорттордон айырмасы, экспресс каттамдар бир гана жүгүртмөгө ылайык жана эч токтоосуз жүрөт. 18 орундуу автобустардын жүрүү акысы 150 сом болот. Эки айдан кийин билеттерди онлайн сатып алса болот. Ыңгайлуу транспорт күнү-түнү жарым сааттык интервал менен жүрөт. Сиз аларды Go bus деген жазуу аркылуу тааный аласыз», — дейт ал.

Калашникова белгилегендей, Бишкектен Караколго чоң автобустарды чыгаруу пландалууда.