Бүгүн, 23-июнда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Талант Мамытов Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эрди кабыл алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тараптар Чолпон-Ата шаарында өтө турган Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйынына жана XI пленардык отурумуна карата жүргүзүлгөн даярдык иштерин талкуулашты.

Төрага Талант Мамытов ТүркПАнын XI пленардык отурумунун күн тартибинде ассамблеянын аталышын өзгөртүү жана жаңы логотибин бекитүү өңдүү маанилүү маселелер турганын белгиледи. Муну менен катар ТүркПА алкагында түрк тилдүү мамлекеттердин жана алардын парламенттеринин ортосундагы алакаларды бекемдөө зарылчылыгына токтолду.

Өз кезегинде, Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр ТүркПАнын кезектеги отурумуна карата жүргүзүлгөн даярдыктар тууралуу айтып берип, ассамблеянын ишмердүүлүгү жана анын комиссияларында жасалган иштер тууралуу сөз кылды. Ошондой эле башкы катчы Жогорку Кеңештин төрагасына жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, 24-июнда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын Кеңешинин жыйыны жана XI пленардык отуруму өтөт. Иш-чаранын алкагында Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов жыйынга чакырылган парламенттик делегациялардын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.