Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров өзүнүн Жарлыгы менен Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиелону Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана COVID-19 глобалдык пандемиясы учурунда эл аралык жардамды уюштуруудагы өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик сыйлык – «Даңк» медалы менен сыйлады. 

Министрлер Кабинетинин маалымат кызматынан билдиргендей, сыйлыкты Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.

Министрлер Кабинетинин башчысы республикага туруктуу өнүгүү, адам укуктарын коргоо, гендердик теңчилик, демократиялык институттарды өнүктүрүү, мыйзам үстөмдүгүн бекемдөө, саламаттыкты сактоо, азык-түлүк коопсуздугу, терроризмге жана зомбулук экстремизмге каршы күрөшүү, ошондой эле баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү маселесинде олуттуу жардам көрсөткөн БУУ органдарына ыраазычылык билдирди.

Кыргыз Республикасындагы БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Президентине жогорку мамлекеттик сыйлык үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын эли, ал жердеги жошоосу жана аткарган кызматы жүрөгүндө сакталаары тууралуу билдирди.

Озонниа Ожиело Кыргыз Республикасындагы өзүнүн дипломатиялык миссиясын аяктоодо.