Баткенде милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү текшерилүүдө

Баткен облусуна иш сапары менен ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин консультанты, отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров жана  ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижановтор келип, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кошо облус аймагындагы  милициянын көчмө кабылдамаларынын ишмердүүлүгүн текшерип, ал жердеги жарандардын кабыл алуу  жана алардын арыз-муңдарынын канчалык деңгээлде чечилип жаткандыгы боюнча таанышып чыгышты.

Баткен облус аймагында Кызыл-Кыя, Баткен шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө, Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук ички иштер бөлүмдөрүндө милициянын көчмө кабылдамалары бүгүнкү күндө толук кандуу иш алып барат. Милициянын көчмө кабылдамасынын милдети район аймагынан алыскы аймактарга түзүлгөн графиктин негизинде чыгышып, жергиликтүү тургундардын арыз-даттанууларын кабыл алышат.

Милициянын көчмө кабылдамасы 2022-жыл башынан бери 222 жолу жолугушууга чыгып, 1370 жаранды кабыл алып, жалпысынан 317 арыз-кайрылууларды кабыл алган, анын ичинен 22 арыз коопсуздук маселеси боюнча түшүп, тиешелүү чечимдер кабыл алынган.

 

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы