Борбор калаанын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков, Ленин районунун акими Русланбек Тагаев жана “Берекет” ЖАКнун директорлор кеңешинин төрагасы Болот Бегалиев соода жайларынын ижара акысын көтөрүүгө каршы митингге чыккан сатуучулар менен жолугушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Район башчысы «Берекет» ЖАКнун директорлор кеңеши менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жакынкы арада соода жайларына тариф көтөрүлбөй турганын билдирди. Билдирүүдөн кийин чогулган сатуучулар соода жайларына тарап кетишти.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө «Берекет» ЖАКнун жетекчилиги «Берекет» универсал соода борборунун ичиндеги орундарды ижарага алуу тарифтеринин абалы боюнча түшүндүрмөлөрдү берип, соода борборунун ишин жакшыртуу пландары тууралуу да айтып беришти.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын башынан бери Ош базарынын аймагындагы башаламан соодага каршы күрөшүү боюнча 187 миң сом айып салынган.

Башаламан сооданын негизги очогу Ош базарынын аймагы болуп саналат. Алсак, жыл башынан Ленин райондук администрациясынын кызматкерлери, Ленин райондук ички иштер башкармалыгы жана «Тазалык» МИ кызматкерлери менен биргеликте «Ош базар» соода комплексинин аймагында 115 рейддик иш-чара өткөрүшкөн.

Биргелешкен рейддердин натыйжасында башаламан сооданы жоюуда 192ден ашык конструкциялар (кол чатырлар, чатырлар, столдор, металл конструкциялар, жыгач конструкциялар, отургучтар, манекендер) демонтаждалып, 45 араба (кол араба) кампага жөнөтүлгөн.

Кошумчалай кетсек, биргелешкен рейддик иш – чаралар К.Акиев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишиндеги, Айни жана Ш.Руставели, Ч. Тыналиева (аялдаманын жанында) жүргүзүлүп келүүдө.

Жогорудагы аталган иш-чаралар Бишкек шаарынын мэриясынын 2021-жылдын 25-мартындагы №71-р буйругун аткаруу максатында жана Ленин районунун аймагында, «Ош базары» соода комплексинин аймагындагы башаламан соодага каршы түзүлгөн ыкчам топ бүгүнкү күндө өз ишин алып барууда.

Азыр, муниципалдык администрациясы тарабынан туруктуу негизде 6 адис бөлүнүп, алар күн сайын башаламан сооданы жоюу иштерин жүргүзүп жатышат. Райондук администрация тарабынан көрүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжалуулугу үчүн Бишкек шаарынын мэриясынын башка кызматтары да тартылган.