Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеңешинин отурумуна жана 11-пленардык жыйынына катышуу үчүн бүгүн алты өлкөнүн парламенттик делегациясы келди.
Алардын арасында Түркиянын Улуу жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Өзбекстан Олий мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева бар. Аны менен катар эле Казакстан мажлисинин төрагасы Ерлан Кошанов жана Азербайжандын Улуттук жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова баштаган делегация келди.
Венгриянын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Шандор Лежак жана Түркмөнстан парламентинин вице-спикери да бар.
Меймандарды «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан тосуп алышкан.
Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кесиптештери менен Чолпон-Атадагы резиденцияда эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.
ТүркПА кеңешинин отуруму эртең, 24-июнда, өтөт. Аталган уюмга Кыргызстан, Казакстан, Түркия жана Азербайжан мүчө. Ал эми Венгрия байкоочу катары катышат. Өзбекстан менен Түркмөнстандын делегациялары ардактуу конок катары чакырылган.