Швейцариянын өкмөтү «Нарын шаарынын туруктуулугу» аттуу долбоорго 6 миллион доллар бөлүп берүүгө даяр. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен маалымдашат.

Билдирүүгө ылайык, каражатты Нарындын жашоочуларына жардам көрсөтүүгө жана шаардын инфраструктурасы менен экономикасын өнүктүрүүгө жумшоо пландалууда.

Швейцариянын өкмөтү бул Нарын шаарын климаттык өзгөрүүгө жана табигый кырсыктарга туруштук берүүгө жакшы өбөлгө болорун кошумчалашкан.

Ошондой эле маалыматта бул долбоор Нарын шаарынын мэриясы жана «Ага Хан» өнүктүрүү фонду тарабынан 5 жыл ичинде ишке ашырылары айтылат.