Баткендин Кадамжай районунун Совет айыл аймагындагы «Кут кадам» балдар үйүндө чоңойгон 19 жаштагы Озада Баратова турмушка чыкты. Бул тууралуу Turmush басылмасы жазды.

Айыл өкмөт башчысы Галбүбү Осмонованын айтымында, ага кадимкидей кыргыздын каада-салты менен куда түшүп, сөйкө салып, тоюн өткөрүп беришти.

«Тажик улутундагы Озада кызыбыз абдан акылдуу, эстүү чыкты. 5-классынан бери «Кут кадам» балдар үйүндө тарбияланып келген. Турмушка берип жатып, жүрөгүбүз эзилип, башкача болдук. Көз алдыбызда өз кызыбыздай болуп чоңойду. Күйөө балабыз Азизбек 24 жашта. Абдан жакшы жердин уулу. Азизбек «Кут кадам» балдар үйүнө жардам берип келип, Озаданы жакшы көрүп калган. Эки жаш бири-бирин жактырып, Азизбек ата-энесин жөнөтүп, кыргыздын салты менен тоюн өткөрдүк. 120 миң сом калың беришти. Калыңын «керектүү эмеректерди сатып аласыңар» деп жаш жубайларга кайтарып бердик. Жоомарт инсандарыбыздын жардамы менен Озаданын себине кир жуучу машина, духовка, тамак ысыткыч машине алып, эл катары узаттык. Куда тарап Кадамжай районунун Марказ айыл аймагынын тургундары, адамгерчиликтүү, жакшы адамдар экен. 24-июнь күнү кызыбыздын көшөгө жыйды салтына барабыз.

Биздин балдар үйүндөгү ар бир бала бактылуу болууга акылуу. Бул үчүн биз колубуздан келгендин баарын жасайбыз», — деди Галбүбү Осмонова.

Учурда «Кут кадам» балдар үйүндө 14 бала тарбияланып жатат. Алардын эң кичүүсү 3 жашта. Эң улуусу Озада болчу.

Булак: turmush.kg