Мындай пикирин  Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев казино ачууга жол берген мыйзам долбоору тууралуу «Марал» радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, Президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кыргыз жарандары оюн-зоокко азгырылбасын жана кирип ойнобосун деген талап  коюлган. Эгер талаптар аткарылбаса, анда лицензия кайтарып алынат.

«Казино боюнча коомчулукта азыр эки бөлөк пикирлер айтылып жатат. Каршы болгондор көп, бирок колдогондор да аз эмес.

Тобокелчиликтерин айткандар көп. Анткени бул мыйзам долбоору кабыл алынса, кыргыз жарандарынын кумар оюндарын ойноосуна коюлган чектөөлөр иштебей калышы мүмкүн, үй-бүлөлөргө кесепети тиет деген кооптонуулар айтылууда. Бирок ага негиз жок деп айтабыз.

Буга чейин да оюн-зоок жайларын иштетүү тууралуу мыйзам долбоору кабыл алынган, кийин кайра жокко чыгарылган.

Президент жана министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан коюлган эң негизги талап – кыргыз жарандары оюн-зоокко азгырылбасын жана кирип ойнобосун деген. Аны ишке ашыруу үчүн төрт мыйзамга өзгөртүү киргизилген. Айыппул салуу, лицензияны кайтарып алуу жагдайлары боюнча.

Талаптар аткарылбаган күндө бир катуу механизм колдонулат – бул лицензияны тартып алуу. Негизи казино иштетүү бизнеси лицензиянын негизинде гана болот. Коюлган талаптар аткарылбаганда лицензиясы тартып алынат.

Азыркы мыйзам мурдагыдай аялдамаларда, дүкөндөрдө кумар оюндарын ачып алууга жол бербейт. Казино ачкан тарап эң биринчи кезекте инфраструктураны түзүшү керек. Мисалы, тойканада болсо 100дөн кем эмес орундук болушу керек, мейманкана болсо 20дан кем эмес бөлмөсү болушу шарт. Демек, казинону иштеткенде бир-эки жерге эле автомат коюп алып, иштете берүүгө уруксат берилбейт.

Мындан тышкары, азыр санариптештирүү аракетинин алкагында, оюн-зоок залдарынын баары автоматташтырылган. Мисалы, мурункудай эле акчаны алып, кассага салат деген нерсе жок. Бардык жерде банк бар, келген кардардын акчасы банкка төлөнүп, ага карта берилип, каттоодон өтүп, ошол карта менен ойногонго уруксат берилет. Эгер кыргыз жараны кире турган болсо автоматтык түрдө аныкталып калат да, ага ойноо үчүн код берилбейт», — дейт министр.