Равшан Жээнбеков деген туруктуу принциби жок, өзү адам укуктары, эркиндиктери тууралуу сүйлөгөнү менен, башкаларда кырсыкка түртүп, жамандыкка адаштырган акмак адам бар. Анын уурулугу, ачкөздүгү жана улутка кандай зыяндуу чыккынчылык кылып жүргөнү тууралуу айтпай эле коелу. Жакшы билесиздер, кандай жүрүштөрдү жасап, коомго жат көрүнүштөрдү жайылтып, ЛГБТ коомун колдоп, жайылтып жүрөт.

Ар дайым адамдын эркиндиги тууралуу акыл айтат. Мына ошол Равшан Жээнбеков учурда чала сабат активисттердин башын айлантып, “мына бул бийлик күнү бүтүп калды. Элди даярдап, коомго нааразычылык жарата бергиле. Бийлик алмашып кетсе мен президент болом, сен министр болосуӊ” деп жаштарды азгырып жүрөт. Равшандын азгырык сөзүнө ишенип алган жаштар толкунданып, уйкусу качып, бат эле министр боло турган күн келсе экен деп бийликти жамандап жүрүшөт. Анан дагы кызыгы, “эгер камалып кетсеӊ саясий упай чогултасыӊ, кадырыӊ өсөт. Мен сага тамак киргизип турам” дейт экен. Түрмөдө Равшандын киргизген тамагын жеп турам деп эркиндигинен айрылганча, боштондукта суу ичип жашаган артык эмеспи?

Мына Равшан Жээнбеков сыяктуу акмактар карапайым жаштарды бузуп, жолдон чыгарып жатат. Анын тилине киргендер мыйзам бузуп, эртеӊ камалып кетсе кылы дагы кыйшайбайт. Ал тургай жаштар камалып, түрмөдө өлүп калса экен деп дагы тилейт. Жамандыктан өзүнө бакыт, упай топтогондор эч качан президент болбойт. Алар президент эмес, алгач адам болсунчу!