25-июнь күнү кечинде Бишкектеги ресторандардын биринде бир катар саясатчылар тойдо чогуу болушту.

Коноктордун арасында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, вице-премьер-министр Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, экс-депутат Рыскелди Момбеков, Каныбек Иманалиев,  саясатчы Алмамбет Шыкмаматов, экс-вице-спикер Асия Сасыкбаева, Равшан Жээнбеков  жана башкалар да  болгон.

Бул тойго алардан тышкары башка саясатчылар, коомдук ишмерлер да катышты. Белгилүү болгондой саясатчылар чогулган  Palazzo ресторанында өткөн той алардын  жалпы, ортодогу досторунун биринин жакынынын үйлөнүү үлпөт тою болгон эле.

Той боло берсин, чакыргандар бара берсин. Бирок, элди кызыктырган бир маселе – ЖКга барган вице-премьер министр Эдил Байсаловго атырылып, аны көргүсү келбеген айрым депутаттар да тойдо чогуу болушуп,  кучакташып, “боло берет” дегендей  мамиле кылышыптыр.

Ушундан улам туруктуу саясий көз караштары жок депутат, чиновниктерди эмне десек болот?