Министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлагандай, 21-26-июнда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.
Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты.