Ош облусунун аймагына испаниялык инвесторлор ГЭС курууга ниеттенүүдө. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка караганда, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов Испаниянын «Экоэнер Солар» компаниясынын башкы директору Рикардо Томас Герьереро жана жеке ишкер Адылбек Мирзаматов менен жолугуп, үч тараптуу меморандумга кол коюлду.

«Анын алкагында өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу менен ГЭС куруу долбоорун ишке ашыруунун механизмин изилдөө боюнча иш жүргүзүлөт. Испан инвесторлору облус аймагына ГЭС куруу долбоорлорун ишке ашырууга ниеттенүүдө. Меморандумга ылайык, жалпы кубаттуулугу 100 МВт болгон панелдерди орнотууну долбоорлоо жана Ош облусунун аймагында ишке ашыруу максатталууда», — дейт өкүлчүлүктөн.