Нарында эл аралык “Кыргыз шырдагы – XII” фестивалы өтөт

28-29-июнь күндөрү Нарын облусунда эл аралык “Кыргыз шырдагы – XII” фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Фестивалдын максаты – улуттук буюмдардын сап башында турган шырдакты даңазалоо, жайылтуу жана сатууну жогорку деңгээлде уюштуруу болуп эсептелинет.

Иш- чара расмий өкүлдөрдүн катышуусунда өтөт.