Блогер блок

Темирлан Султанбеков интрига жасап, Кадыр менен Сейитти уруштурдубу?

Алмазбек Атамбаев камакта жатканы КСДП партиясын Темирлан Султанбеков деген жаш жигит жетектеп жаткан учуру. Учурда Темирлан Султанбеков КСДП партиясын өзү каалагандай калчап жатканы айтылууда партиялаштарынын арасында. Ал Атамбаевдин түрмөдө жатканынан пайдаланып АШАнын абдан ишенимдүү жактоочуларынан акырындап, тымызын арылып жатканы тууралуу маалымат жетти.

Албетте, “казанчынын өз эрки, кайдан кулак чыгарса” дегендей Темирлан мындай мүмкүнчүлүктү колунан чыгарбай, партиянын ичине интриганы иритип, Раиса Атамбаеваны Сейитке каршы тукуруп да жибериптир. Аялдарча ортолоруна сөз ташып, Раиса Атамбаева менен Сейиттин ортосун бузууга үлгүргөн экен. Ал эми ошол эле учурда АШАнын тарапташтарынын айтымында Темирлан Султанбеков Сейит менен Кадырды да атайылап уруштурган.
Эскерте кетсек, Сейит менен Кадыр Алмаз Атамбаевдин эки башка аялынын балдары. Аталаш бир туугандар Темирлан Султанбековдун интригасына ишенип, урушуп кетишкени айтылууда.

Темирлан Султанбековдун азыркы аракети Атамбаев абакта жаткандан пайдаланып, материалдык байлык топтоо дейт партиялаштары. Ушундай эч кандай тажрыйбасы жок жаш жигитке партияны жетектетип койгон Алмазбек Атамбаевге партиялаштары да нааразычылыгын жашыра албай, тар чөйрөдө Темирланды сөгүп жаткан кездери. Учурда Темирлан Султанбеков партиянын ишмердүүлүгү боюнча бардык чечимдерди өзү гана жалгыз кабыл алып жаткан экен.

Эмнеси болсо да баары убактылуу. Балким, Алмазбек Атамбаев абактан чыкканча Темирлан Султанбеков КСДП партиясын жетектемиш болуп, материалдык байлык топтоп, өзүнчө партия ачып кетеби, аны убакыт көрсөтөт. Кыскасы, КСДПнын ичинде да интрига чоң экен!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button