Ысык аба ырайында ысык душ түн уйкуну жакшыртууга жардам берет

Дарыгер Софья Черкасова ысык аба ырайында ысык душ түн уйкуну жакшыртууга жардам берерин айтты. Бул тууралуу News.ru сайты жазат.

Адисттин айтымында, дене ысып кеткенде ички температура нормадан жогору көтөрүлөт. Эгерде сиз ысык душка түшсөңүз, анда терморегуляция механизмдери ишке кирип, дене температурасы активдүү төмөндөй баштайт.

«Мындай инерциядан улам дене температурасы нормадан 0,2-0,3 градуска төмөндөйт.Температуранын мындай алгачкы төмөндөшү адамга ысыкта ыңгайлуу жана жайлуу уктап, жакшы уктоого мүмкүндүк берет. Анткени дене температурасынын төмөндөшү менен уйкуга жооптуу мелатонин жана башка заттар иштей баштайт», – деп түшүндүрдү Черкасова.

Ошондой эле, адис уктаардан бир нече саат мурун бөлмөнү кылдаттык менен желдетүүнү сунуштады, ал эми шейшептерди табигый жумшак материалдардан, мисалы кебезден тандаган жакшы.