Кыргызстанда адам өлүмүнө алып келген пластикалык операциядан кийин өлкөдөгү медициналык мекемелер текшерүүгө алынат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, медициналык мекемелер менчигинин түрүнө карабай комплекстүү текшерилери айтылды.

Өткөн жумада Бишкекте жеке менчик клиникалардын биринде пластикалык операция (липосакция) жасаткан аял көз жумган.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев билдиргендей, бейтап аларга жеке клиникадан өтө оор абалда келип түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (Медициналык же фармацевтика кызматкеринин кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбашы) менен козголгон иштин алкагында тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда иликтөө, тергөө жүрүп жатат.