Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев октябрь окуялары боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында акталды.

Мамлекеттик айыптоочу Алмазбек Атамбаевди Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси («Массалык башаламандыктар») боюнча күнөөлүү деп таап, 12 жылга камакка алууну сураган.

Ошондой эле кылмыштын курамы жок болгондуктан сот Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Курсан Асанов, Канат Сагынбаев, Темирлан Султанбеков жана Жеңиш Молдокматовду актады.

Алмазбек Атамбаев менен Фарид Ниязов үй камагына чыгарылды. Бирок Атамбаев камакта калтырылат. Себеби ал,  кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча күнөөлүү деп табылып камакка алынган. Атамбаев учурда түзөтүүчү колонияда кармалууда. Ал эми Ниязов сот залынан бошотулду.

Буга чейин сот Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушу жана Түркиянын 10 жаранына мыйзамсыз паспорт берүү боюнча Атамбаевдин аракетинде кылмыштын курамы жок экенин аныктап, күнөөсүз деп тапкан.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров дагы Атамбаевге бардык шарттарды түзүп бергенин, абакта ээн-эркин жүрөрүн айткан.