2022-жылы Кыргызстан Евробиримдиктин өлкөлөрүнө көмүрдү экспорттой баштады. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргыз Республикасынын товарларынын тышкы жана өз ара соодасы” бюллетенинде айтылат.

Маалыматка ылыйык, Кыргызстан Латвия менен Польшага көмүр экспорттой баштады. Январь-апрель айларынын маалыматы боюнча, Кыргызстан Польшага 88 миң долларга дээрлик 3 миң тонна, ал эми Латвияга 143 миң долларга дээрлик 2 миң тонна көмүр экспорттогон.

Белгилей кетсек, көмүрдүн бир тоннасы Латвияга 80 доллар, Польшага 30 долларга бааланган.

Негизги көмүр экспорттоо былтыр да, быйыл да Өзбекстанга туура келет. 2022-жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан Өзбекстанга 3,3 миллион долларга 100 миң тоннадан ашык, ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 4 миллион долларга 140 миң тонна көмүр жөнөткөн.

Ошондой эле Кыргызстан 2021-жылдын январь-апрель айларында Тажикстанга 2 миң тоннадан ашык көмүр экспорттогон. Ал эми бул жылы Кыргызстан Тажикстанга көмүр ташыган эмес.