Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык, “Манас-Ата” кафесинде болгон окуя боюнча тиешелүү кызматтарга, анын ичинде укук коргоо органдарына, санэпид кызматына тиешелүү тапшырмалар берилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Бул кызматтар мыйзамдар чегинде бардык тиешелүү чараларды көрүшөт.
 1-июлдан тарта Ош шаарынын санэпид кызматы пландалган иш-чараларга ылайык, чарба жүргүзүүчү субъектилерди, тактап айтканда коомдук тамактануу жайларын текшерүүнү баштайт», — деп айтылат маалыматта.

 

Белгилей кетсек, «Не сахар» долбоору Ош шаарындагы «Манас-Ата» кафесине барганда тартуучу топту киргизбей, тоскоолдук жараткан видеосу тараган. Андан соң тартуучу топ милиция кызматкери менен аларды киргизбей жүргөн администратордун сүйлөшүп турган видеосун чыгарган. Аталган окуя боюнча Ош шаардык милициясы билдирүү таратты.

 

«Манас-Ата» кафесиндеги окуя боюнча, Ош ШИИБинин кызматкерлери тарабынан кафенин жетекчилигине, администраторуна түшүндүрүү иштери видео коомчулукка тараганда эле жүргүзүлгөн. Окуя маалыматтардын электрондук журналына катталды. Ар тараптуу текшерүүлөр болот. Ошол эле мезгилде бул окуяны шылтоо кылып, улуттар аралык араздашууну күчөткөн, жарандардын улутуна, жеке кадыр-баркына доо кетирген комментарийлерди жазуудан баш тартууга чакырат», — деп айтылат билдирүүдө.