Ысык-Көлдүн жээгиндеги мушташ боюнча 18 адам кармалып, сурак берип жатат. Бул тууралуу  облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, көл жээгинде калайман мушташ 29-июнда “Радуга” пансионатында орун алган. Алдын ала белгилүү болгондой, окуя пансионаттын коопсуздук кызматкери менен коноктордун ортосундагы пикир келишпестиктен тутанып кеткен.

Чолпон-Ата шаарынан жана Жалал-Абад облусунан барган төрт конок менен пансионатта иштеген 14 жергиликтүү коопсуздук кызматкерлери кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат.

“Бул окуяда эч кандай пансионатка же көл жээгине кирүү боюнча маселе жок. Коноктор спирт ичимдигин ичип алып коопсуздук кызматкеринин тартипке чакыруусуна баш ийбей, калайман мушташка айланып кеткен”, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин социалдык тармактарда пансионаттардын бириндеги массалык мушташ тартылган тасма тараган.