Журналист, жарандык активист Семетей Талас уулу социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, өлкөдө кырдаал жакшы эмес экенин белгиледи.

«Күз тынч болсо экен…

Кырдаал жакшы эмес. Кайсы бийлик келип кызмат сунуштаса жанталашып, кошо жеп-ичип иштешип, анан эле кызматсыз калса уюгушкан саясий коррупционерлер жаман. Уюшуп атышат.  Ушу казинону да бекер ачабыз дешти… Сындасаң, мамлекет жакшы болсо экен деп сындайсың. Сындап эле жата бербей, миллион, миллиард сом түшчү каржы булактарды да айтасың. Жакшы иш кылышса, анысын дагы. Себеби, мамлекет Садырдыкы же Камчыныкы, же бир саясий топтуку эмес. Ал — жалпыбыздын бар жашообуз. Күчтүү мамлекет — күчтүү ЭЛ, күчтүү ЭКОНОМИКА, азайган миграция, түзүлгөн жаңы жумуш орундар, ата-апаларын жылдап көрбөй, мээримге сууган, куса болгон бөбөктөрдүн кайтып келген ата-апасынын жанында жыргап жылмаюсу… Эх, ата!..

Мен сени ушунчалык сүйөм Кыргызстаным!

Тойбогон напсыдан Жаратканым баарыбызды сактасын», — деп жазат.