Курман айттан улам кыргызстандыктар үч күн катары менен, тагыраагы, 9-10-11-июль күндөрү эс алат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлады.
Эскерте кетсек, быйыл Курман айт 9-июлда өтүп, ишембиге туура келет. Эмгек кодексине ылайык, майрам күн дем алышка туш келсе, кийинки дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат.