Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министирлигинин колдоосунда “Каракол шаары – 2022 жылы Шериктештиктин маданий борбору” программасынын алкагында III эл аралык «KGtai — таланттарга старт 2022» жаш таланттардын фестиваль  кароо-сынагы өтөт. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мындай макулдашуу, иш- чараны колдоо жана каржы маселелери Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов жана  “Арт Булак” коомдук фондунун  директору Гүлнара Тойгонбаеванын ортосунда сүйлөшүлдү.

“Фестиваль  эл аралык деңгээлде өтүп жаткандыгына байланыштуу катышуучу өлкөлөрдүн балдары менен жаштарынын ортосундагы достук жана чыгармачылык байланыштарды кеңейтүү жана чыңдоо, ошондой эле чыгармачылык аркылуу тынчтык жана улуттар аралык достук идеясын жайылтууну көздөйт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек,  иш- чара 2022- жылдын 25-29-июль күндөрү Ысык- Көл облусунун Каракол шаарында өтүүсү пландалууда.