Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда мектеп директорунун орун басары сабалды. Бул тууралуу Облустук милициядан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, 19-июнда милицияга ооруканадан денесинен жараат алган жаран түшкөнү тууралуу маалымат келген.

Жеринде 25 жаштагы О.У., аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда түнкү саат 01:00дө Саруу айылындагы орто мектептин жогорку класстын окуучулары аны сабап кеткени жазылган.

Аталган факты маалыматтардын электрондук журналына Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Бейбаштык”) боюнча катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Окуя боюнча Саруу айылынын 2005-жылкы А.Н., А.Р., И.Т., Т.Ы., жана Т. С., аттуу тургундары кармалган.