Парламент депутаттары менен эриш-аркак кызматташуунун аркасында салык менен бажыдан түшүүчү каражаттарга катуу көзөмөл жүргүзүлө баштады. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Мамлекет башчысы эки жылдын маалыматтарын келтирди. «Маселен, 2021-жылдын алгачкы алты айында (январь–июнь айларында) салык кызматынан 47 млрд сом каражат чогулган болсо, 2022-жылдын алты айынын жыйынтыгында (январь–июнь айларында) 68,8 млрд сом киреше топтолду. Ал эми 2021-жылдын январь–июнь айларында бажы кызматына түшкөн кирешенин көлөмү 20,1 млрд сом болсо, 2022-жылдын ушул эле алты айынын ичинде бажы төлөмдөрүнүн кирешесинин жалпы суммасы 31,2 млрд сомду түздү», — деди Президент Садыр Жапаров.