“Мектептерди, медициналык мекемелерди жана башка жаңы социалдык объектилерди куруу, башталып калгандарын бүткөрүү үчүн быйыл 13 млрд сом бөлүп жатабыз. Бул 2021-жылга караганда дээрлик эки эсеге көп”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда, VII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин биринчи сессиясын жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Мамлекет башчысы ошондой эле, өлкөбүздө эң маанилүү болгон энергетикалык коопсуздукту камсыздоо үчүн быйыл 12,5 млрд сом бөлүнгөнүн белгиледи.  Салыштыруу үчүн айтсак, 2021- өлкөнүн энергетикалык коопсуздугуна 3,4 млрд сом эле бөлүнүп берилген.