30-июнда Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) Жалал-Абад облусу боюнча мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Имарат Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) “Кыргыз Республикасында баңгизаттарды көзөмөлдөө тармагында колдоо көрсөтүү” долбоорунун алкагында Япон Өкмөтүнүн колдоосу менен курулган.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Нурбек Абдиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Эчисинин орун басары Соичиро Окава, Кыргыз Республикасындагы Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын (БУУ БКБ) программалык кеңсесинин жетекчиси Андрей Селезнев, ошондой эле министрликтердин жана ведомстволордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери катышышты.

Министрдин орун басары Нурбек Абдиев өз сөзүндө “Баарыңыздарды Кыргыз Республикасынын ИИМинин Жалал-Абад шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын административдик имаратынын ачылышы менен куттуктайм. Кыргыз Республикасы эгемендүүлүккө ээ болгон учурдан тартып азыркы учурга чейин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы эң активдүү иш алып барууда, бул биздин мамлекеттин ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын бири. Дүйнөдөгү бир дагы мамлекет, кандай гана ресурстарга ээ болбосун, баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү бардык топтолгон көйгөйлөрдү жалгыз чече албай тургандыгын баарыбыз түшүнуп, билип турабыз. Буга байланыштуу, БУУнун Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүдөгү эл аралык аракеттерди бириктирүүдөгү Борбордук координациялоону толук колдойбуз. Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын ИИМинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын административдик имаратынын ачылышы — бул “Түндүк каттам” боюнча эл аралык баңги кылмыштарына каршы туруудагы дагы бир олуттуу кадам. Учурдан пайдаланып, Япон Өкмөтүнө жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгына техникалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуп, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына түзүлгөн шарттары менен мындан да натыйжалуу иштей ала турганына ишенем».
Нурбек Абдиев Япон Өкмөтүнө жана БУУ БКБга, Кыргыз Республикасынын элинин, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун бейпилдиги үчүн баңгизаттарга каршы күрөшкө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мындан тышкары, Япон Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын долбоорунун алкагында 2020-жылы Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы үчүн он унаа жана жалпы суммасы 19 миллион 572 миң сом болгон заманбап жабдуулардын комплекти сатып алынгандыгы белгиленди .
Япон Өкмөтүнүн жана БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын бул олуттуу салымы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын элдеринин, ошондой эле бүткүл дүйнөлүк коомчулуктун тынчылыгы үчүн жалпы дүйнөлүк баңгизат көйгөйүнө каршы биргелешкен күрөшүбүздү улантуунун көпүрөсү болуп калат.

Иш-чаранын жүрүшүндө Нурбек Абдиев, Абсаттар Сыргабаев, Япониянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчисинин орун басары Соичиро Окава жана БУУ БКБнын Программалык кеңсесинин башчысы Андрей Селезев имараттын ачылышынын урматына бак-дарактарды отургузушту.
Салтанаттуу бөлүктөн кийин коноктор имаратка экскурсия уюштурулуп, кызматтык бөлмөлөр менен таанышып, андан кийин Жалал-Абад облусу боюнча Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкармалыгынын ардактуу конокторунун китебине, өз каалоолорун калтырышты.
Эскерте кетсек, аталган имараттын курулушу 2022-жылдын февраль айынын аягында башталган. Жалпы аянты 318,8 м2 түзөт.

ИИМдин Басма сөз кызматы