Бишкекте автобус жана троллейбустарда накталай эмес төлөмдөрдү киргизүү кийинкиге жылдырылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров шаардыктардын көптөгөн кайрылууларын эске алып, муниципалдык коомдук транспортторду накталай эмес төлөмдөргө өткөрүү мөөнөтүн кийинки мөөнөткө жылдырууну чечкен.

Көптөгөн шаардыктар Тулпар карталарын сатып алууга үлгүрүшкөн эмес.

Ошондой эле коомдук транспортко дифференцияланган тарифти киргизүү жөнүндө токтомдун долбоору Бишкек шаардык кеңешинин сайтында коомдук талкууга коюлганы бул чечимге да таасир эткен, аны кабыл алуу менен муниципалитет жарандардын суроо-талаптарын эске алуу менен электрондук төлөм системасын жакшыраак ишке киргизе алат.

Кошумчалай кетсек, ноябрда борбор калаанын коомдук транспортунун кыймылдуу курамын жаңылоо күтүлүүдө.

Урматтуу шаардыктар! Борбор калаанын мэриясы шаардыктарды жана борбор калаанын конокторун  калкты тейлөө борборлорунан карта сатып алууга чакырат.