Бир үй-бүлөдө атасы чет өлкөдө мигрант катары иштеп жүрсө балдарына жөлөк пул берилбейт. Бул туурасында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев парламентте билдирди.
Депутат Надира Нарматова балдардын ата-энеси чет өлкөгө миграцияга кетсе эле жөлөк пул берүүнү токтотуп коюу өнөкөт оору болуп калганын айтып, көйгөйдү чечүү жолун сурады.
«Күйөөсү Нарында, Көлдө, Баткенде, Таласта, Москвада же Казакстанда иштейби айырмасы жок. Күйөөсү иштеп акча таап жүрөт. Биз миграцияда деп бөлбөйбүз, бул үйдө атасы иштейт, акча табат деген негизде балдары жөлөк пул алышпайт», — деди министр.
Андан соң депутат өтө жакыр жашаган үй-бүлөнүн ээси тамак-ашка акча табайын деп чет өлкөгө кетсе «күйөөң иштеп атат» деп балдарына жөлөк пул бербей коюу туура эместигин айтты. Бул көйгөйдү чечүү үчүн биргеликте мыйзам долбоорун иштеп чыгууну сунуштады.
Булак: Спутник кж