Жайкы туристтик сезондун башталышы менен эс алуучулардын көптүгүнө байланыштуу көлдүн жээгинде уурдоо фактыларынын катталышы кадимки көрүнүш. Эс алуучулардын көңүл кош мамилесин колдонгон уурулар эс алуучулардын тынчын алып,  ар кандай укук бузууларга жана кылмыштарды кылууга аракеттенишүүдө.

Пляждарда уурдоо көбүнчө коопсуздук эрежелерди сактабагандыктан келип чыгат.

Ички иштер министрлиги уурулардан коргонуу үчүн бир нече сунуштарды берет:

  1. Керектүү сумманы гана алып келиңиз (чатыр менен отургучту ижарага алуу жана чакан тамактанууга жеткен), пляжга баалуу буюмдарды (зер буюмдарды, сааттар, фотоаппарат, уюлдук телефондор) алуу кооптуу;
  2. Эгер сиз баалуу буюмдарды алып келген болсоңуз, аларды кароосуз калтырбаңыз. Жээктеги кошунаңыздан буюмдарыңызды кароону сураныңыз.
  3. Баалуу буюмдарды көтөрүп жүргөн баштыкты ачык калтырбаңыз;
  4. Эгер сиз алып келген нерселерди кароосуз калтырганга мажбур болсонуз, баалуу буюмдарды жабыла турган баштыкка салып, белгиленген нерсеге байлап коюңуз (мисалы, кумга казылган чатыр). Бул үчүн велосипед кулпусун колдонсоңуз болот;
  5. Эгер сиз пляжга көп курбуларыңыз менен барсаңыз, анда жеке буюмдарыңызды кароосуз калтырбоо үчүн алмашып карап турууну алдын ала макулдашып алыңыздар;
  6. Эгер сизде сумкаңыз жок болсо, анда унааңыздын ачкычын же уюлдук телефонуңузду көрүнүктүү жерге ачык калтырбаңыз. Жок дегенде, аларды сүлгүнүн астына жашырыңыз;

7.Сууда сүзүүдө, күнгө күйгөндө же жээкте спорт менен машыкканда ар дайым жеке буюмдарыңызды эсиңизден чыгарбаңыз;

  1. Алкоголдук ичимдиктерди ашыкча колдонбоңуз;

Эгер сиз  уурулукка кабылсаңыз, дароо ички иштер органдарынын жакынкы аймактык бөлүмүнө кайрылыңыз. Жазасыздык кол салгандарды жаңы уурулукка түртөт  жана башка эс алуучулар дагы жапа чегиши мүмкүн.

ИИМдин Басма сөз кызматы