Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматынын кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү:

“Урматтуу Кыргыз Республикасынын Салык кызматынын кызматкерлери!

Кадырлуу биздин ишкерлер!

Урматтуу жыйын катышуучулары!

Бүгүн биз өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга чоң салым кошкон тармактардын бири Салык кызматынын кызматкерлеринин майрамын белгилөө үчүн чогулуп отурабыз.

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Сиздердин натыйжалуу ишиңиздердин аркасында маанилүү экономикалык жана социалдык программаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда салык мыйзамдарынын сакталышы көзөмөлдөнбөгөн бир дагы өндүрүш тармагы жана социалдык чөйрө жок.

Бардык эле мезгилдерде салык төлөөдөн качуу коом алдында эң кооптуу кылмыштардын бири катары каралып келген. Салык төлөөчүлөр өздөрүнүн милдеттерин так жана өз убагында аткарып, салык төлөмдөрүн толук көлөмдө убагы менен берип тургандай абалга жетүүгө умтулушубуз керек. Мына ошондо гана Салык кызматынын чындап иштеп жатканына күбө болобуз. Кудайга шүгүр, бул багытта акырындап жылыштар башталды. Буга салыктык түшүүлөрдүн көлөмү өткөн жылдагыга салыштырмалуу бир топ көбөйгөндүгүн далил катары белгилей кетсек болот.

Сиздердин ишмердигиңиздердин аркасында 2021-жылы мамлекеттик бюджеттин кирешесине 105,7 млрд сом келип түшсө, 2022-жылдын соңунда болжол менен 155,6 млрд сом жыйналары, же дээрлик 50 млрд сомго көбөйөрү күтүлүүдө.

Мындай натыйжага жетүүгө силерден күн-түн дебей иштөө талап кылынат жана бул максатка жетесиздер деп ишенебиз.

Мен буга чейин мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экономиканы көмүскөдөн чыгаруу деп ар дайым айтып келем. Буга байланыштуу фискалдык чөйрөдө реформа жүргүзүү аракетин көрүп келебиз.

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун алкагында, электрондук эсеп-фактуралар, товардык-транспорттук коштомо кагаздар, ККМ-онлайн, товарларды маркалоо, май куюучу жайларды башкаруунун автоматташтырылган системасы, “Жыйынды пост” сыяктуу салыктык башкаруунун жаңы инструменттери толук кандуу киргизилгенден кийин экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу максатына жетебиз деп ойлойм.

Биз экономикалык жана финансылык татаал шарттарга карабастан, өлкөнүн мамлекеттик бюджетине салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү менен туруктуулукка жетишүүбүз керек. Муну менен биз мамлекеттин социалдык-экономикалык программаларын аткаруу боюнча кепилдик берүүгө жетишебиз.