“Азыркы учурда биздин алдыбызда инфляция менен күрөшүү жана экономиканын өсүшүнүн оң динамикасын камсыздоо тапшырмасы турат. Бул маселелерди чечиш үчүн биз инвестицияларды тартуу, ишкерликти жүргүзүүгө жагымдуу шарттарды түзүү боюнча чараларды кабыл алышыбыз керек”,- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, өлкөнүн Салык кызматкеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада.

Мамлекет башчысы акыркы жылдары бул багытта бир катара ийгиликтер жетишилгенин белгиледи:

  • 2022-жылдын 1-январында күчүнө кирген жаңы салык кодексинин кабыл алынышы, ал ыңгайлуу инвестициялык климатты, абийирдүү атаандаштык үчүн шарттарды түзүү жана мыйзамсыз сооданы аныктоо мүмкүнчүлүктөрүн берет. Киргизилген өзгөртүүлөр ата мекендик товарларды тышкы рынокторго алып чыгууга, абийирдүү бизнести коргогон жана экономиканы көмүскөдөн чыгарып алуу үчүн натыйжалуу инструменттерди түзүүгө багытталган;
  • Экономиканы санариптештирүүнүн алкагында масштабдуу долбоорлорду киргизүү боюнча активдүү иш алып барылышы, анын ичинде бизнес үчүн жагымдуу шарттарды түзуүгө багытталган салыктык процедураларды фискалдаштыруу.

“Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, салык төлоөчү менен чиновниктин ортосундагы жеке байланышты жокко чыгарган салыктык башкаруунун электрондук технологиялары салык төлөө процессин кыйла жеңилдетип эле тим болбой, салык төлөөчүлөр үчүн жагымдуу шарт түзүп, ошондой эле коррупциялык көрүнүштодүн мүмкүнчүлүгүн төмөндөтөт.

Ошондой эле, салык маселелерине байланыштуу потенциалдуу салык төлөөчүлөрдүн аң-сезимин жана сабаттуулугун жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулуп, ал мамлекеттик казынасын толтурууга, экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө болот”,- деп белгиледи Президент Садыр Жапаров.