Туйгунаалы Абдраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

УКМК кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Т. Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турганда, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык абалын жана саясий байланыштарын колдонуу менен мыйзамсыз баюу максатында, 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштоочу жай катары 95% акциясы Т. Абдраимовго тиешелүү “Кайнар” ЖАКка ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөндүгүн белгилейт