Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, Каракол шаарынын ички жолдорунун реконструкцияланышы жана курулушу менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Каракол шаарында калаанын башкы жолдорунда реконструкциялоо иштери соңуна чыгууда. Бул — Торгоев, Токтогул жана Пржевальск көчөлөрү.

Мамлекет башчысына Торгоев көчөсүнүн асфальтбетон төшөлчү жалпы узундагы 1,200 м. Түзөрүн маалымдашты. Көптөгөн жылдардан бери көчөдө капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Торгоев көчөсү Каракол шаарынын 18 көчөсү менен кесилишет, анын ичинен 2 негизги көчө.

Ысык-Көл өнүктүрүү фонду жана Каракол шаарынын жергиликтүү бюджети тарабынан каржыланган долбоордун жалпы сметалык наркы 75 млн сомду түзөт.

Жолду «Жол чарбасы» муниципалдык ишканасы куруп жатканын эске алганда, курулуш иштери 55 млн сомго бүтүп, муну менен үнөмдөө 20 млн сомду түзөт.

Азыркы учурда Торгоев көчөсү Токтогул көчөсүнөн Алдашев көчөсүнө чейин асфальтталды, ошондой эле Алдашев көчөсүнөн Пржевальск көчөсүнө чейин ондоо иштери башталды. Бардык иштерди үстүбүздөгү жылдын 20-июлуна чейин бүтүрүү пландалууда.

2 км 600 м узундуктагы, туурасы 14 м болгон Токтогул көчөсү 1970-жылы курулуп, асфальтбетон катмары бузулган.

Республикалык бюджеттен каржыланган Токтогул көчөсүнүн сметалык долбоорунун наркы 175 млн сомду түзөт. Бүгүнкү күндө реконструкциялоо иштери 90% аяктады, 15-июлга чейин объект өткөрүлөт.

Пржевальск көчөсү тууралуу айтсак, ал акыркы жолу 1950-1970-жылдары оңдолгон.

Бүгүнкү күндө Пржевальск көчөсүнүн жолдун астына суу өткөрүүчү түтүктөр 1,8 км орнотулду, шаардын түштүк тарабынан түндүк тарабына өткөзүү түйүнү болуп эсептелинет.

Күчүков көчөсүнөн баштап Кутманалиева көчөсүнө чейин асфальт 2 каттама төшөлдү, түштүк тарабынан 400 м. тротуар жасалды. Бардык курулуш иштери 31-августка чейин аяктайт.

Мындан тышкары шаарда сметалык наркы 100 млн сомду түзө турган 38 км тротуарду куруу 5 км негизги жолдорду оңдоо жана борбордук көчөлөрдү 240 млн сом суммасында реконструкциялоо пландалууда.

Муну менен Каракол шаарында 2022-жылы 15 км ашуун негизги жолдор жана 60 км ашуун тротуарлар оңдолот.

Маалымат уккан соң мамлекет башчысы жолдорду реконструкциялоо жана куруу иштери жай жүрүп жатканын белгиледи. Долбоорлорду ишке ашырууну тездетүү керек.

Президент Садыр Жапаров автомобиль жолдорун учурдагы заманбап стандарттарга жооп бергидей кылып реконструкциялоо жана куруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Муну менен жергиликтүү тургундар менен Каракол шаарын келип жаткан туристтерге да ыңгайлуулукту жогорулатат.

Тийиштүү мамлекеттик органдарга реконструкцилоону аяктоо мамлекеттик каражаттардын натыйжасыз колдонуунун алдын алып, бардык зарыл иштердин өз убагында жана сапаттуу ишке ашуусун көзөмөлдөөнү тапшырды.