“Ысык-Көл” эл аралык аэропорту 1-июлда Ош шаарынан биринчи каттамды кабыл алды.

«Манас» аэропортунун басма сөз кызматынан кабарлашкандай. биринчи авиакаттам менен Оштон 100 жүргүнчү учуп келсе, 96 жүргүнчү Ошко учуп кетти.

«Тез Жет» авиакомпаниясы Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча каттамдарды жумасына 6 жолу (дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума жана жекшемби күндөрү) аткарууну пландаштырууда.

Авиакаттамдар сентябрга чейин аткарылат.