Президент Садыр Жапаровго бүгүн, 1-июлда, Каракол шаарынын өнүгүү программасын тааныштырышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлады.

Каракол шаарынын мэри Эрмат Жумаев бул программанын алкагында шаарда туризмди, өндүрүштү, спортту жана билим берүүнү өнүктүрүү пландалып жатканын айтып берди.

Каракол шаарын өнүктүрүү программасына өлкө бюджетинен 2 млрд сом бөлүнөт. 2022-жылы 10 долбоорду ишке ашыруу үчүн 885 млн сом каралып, бүгүнкү күндө анын 70 млн сому бөлүнгөн.

Бул программа өзүнө бюджет түзүүчү, социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорду камтыйт. Анын ичинде шаардын негизги базарлары менен жолдоруна болгон жүктү азайта турган муниципалдык базардын курулушу. Долбоордун жалпы наркы 150 млн сомду түзөт. Мындан тышкары, таштандыны кайра иштетүүчү заводду куруу пландалууда. Долбоордун жалпы наркы 135 млн сом.

Мэр билдиргендей, шаарда «Жол чарбасы» муниципалдык ишканасынын базасында асфальт-бетон заводун, темирбетон буюмлдарын чыгара турган цехти ачуу мүмкүнчүлүгү бар.

Ошондой эле шаардык инфратүзүмдү оңдоо, социалдык объектилерди жакшыртуу жана модернизациялоо, негизинен шаардык стадионду реконструкциялоо жана спорттук комплексти куруу пландалууда.

Мамлекет башчысы бул долбоордун алкагында пландалган иш-чараларды канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров күтүлүп жаткан өзгөрүүлөр жергиликтүү калактын жашоо сапатына жана жалпы эле шаардык социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө оң таасир этиши керектигин, ошондой эле Караколго туристтерди тартууга көмөктөшөрүн белгиледи.