Президент Садыр Жапаров Кыргыз улуттук “Кабар” маалымат агенттигине кезектеги маек куруп, коомчулукта талкууланып жаткан айрым суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу президент!

— Саламатчылык!

— Акылбек Жапаров тышкы карызды төлөбөсөк эгемендүүлүктү жоготуу коркунучу бар экенин эскертти. Бир катар мамлекеттерди мисал да келтирди. Бирок, буга чейин сиз айтпадыңыз беле «Кумтөрдү» алсак эле тышкы карыздан заматта эле кутулабыз дегендей. Бул жагы кандай болуп калды? Төлөй албай калчу коркунучу барбы?

— Эч кандай коркунуч жок. Бир күн, бир саат да кечиктирбей төлөйбүз. Буга күчүбүз жетет. Булактарыбыз да бар. Эсиңиздерде болсо мындан эки-үч жыл мурда ушундай коркунуч бар эле. Баарыбыз тышкы карыздарыбыздан кантип кутулабыз деп кабатыр болчу эмес белек. Азыр андай коркунуч жок. Камсанабай эле койсоңуздар болот. Эң негизгиси тынчтык эле болуп турса, баардык карыздарыбыздан өз убагында кутулабыз. Ал эми Акылбек Жапаров депутаттарга жөн гана тышкы карыз боюнча эстетип жатат. Себеби айрым популист депутаттар экономикабыздын өсүшүнө тиешеси бар мыйзамдарды атайы колдобой, каршы чыгып жатышпайбы. Ошолорго тиешелүү айтылды деп билсеңиздер болот. Ал айтып жатат: «Сырткы карызыбыз бар экенин унутпаңыздар. Быйыл 270 млн доллардын тегерегинде карыз төлөйбүз. Ошондуктан киреше булактарга тиешелүү мыйзамдарды колдоп берип туруңуздар, 5-10 тыйын болсо да жардам болсун» деп. Кечээ парламентке барганда мен да депутаттардан сурандым. Экономикага тиешелүү маселелерге келгенде популисттик ооруну экинчи орунга жылдырып, колдоп берип туруңуздар деп.

— Айрым НПОчу саясатчылар бул бийлик тышкы карызды 1 миллиард 250 миллион долларга көбөйтүп салды деп чыгышты. Ошол чынбы?

— Карандай калп. Демократия деп эле ойуна келгенди сүйлөй бергендерге ишенбегиле. Тышкы карыздарыбыз боюнча бир гана каржы министрлигинин официалдуу маалыматына ишенсеңиздер болот.

Мурда түзүлүп калган келишимдердин негизинде жарымы кредит, жарымы грант катары алынган суммалар бар. Бирок карыздын суммасы 2021-жылы 100 миллион долларга жеткен жок. Кандай болгон күндө дагы тышкы карыздарыбызды ар жылы өз убагында толук жаап, кутулабыз. Буга мамлекетибиздин күчү жетет. Эч камсанабаңыздар. Киреше булактарыбыз пайда боло баштады. Алдыда дагы пайда болот. Мурда салык менен бажынын эле көзүн карап олтурчубуз. Эгер биз карыз алсак дагы мурдакылардай болуп жарымын жеп албайбыз. Алган акча өзүн-өзү актай турган, киреше бере турган, пайдасын эки-үч эселеп алып келе турган тармактарга жумшайбыз.

— Октябрь окуясы боюнча сотто өтүп жаткандар баары эле акталышты. Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов жана башкалар бар. Айрым блогерлер бийлик менен соодалашуу болду деп айтып чыгышты. Бул боюнча эмне айта аласыз?

— Эч кандай соодалашуу болгон жок жана мен бирөөнү дагы кабыл алган жокмун. Жөн гана соттордун эркин чечими болду. Мен дайыма “Соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келе жатам. Мартта өткөн соттордун курултайында да сотторго айткам “Кандай иш карасаңар да мыйзам чегинде адилеттүү чечим чыгаргыла. Күнөөлүү болсо күнөөлүү деп тапкыла, күнөөсүз болсо актагыла. Ошондо силерге элдин ишеними пайда болот” деп. Мындан ары мурдакыдай ак үйдөн басым-кысым болду демей жок. Мыйзамдын диктатурасы иштейт.

— Маегиңиз үчүн чоӊ рахмат, ишиңизге ийгилик!

Булак: Кабар кж