Каракалпакстандагы башаламандык учурунда жергиликтүү жашоочулар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасында каза болгондор бар. Бул маалыматты Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жарыялап, бирок так санын айткан жок.

Каракалпакстандагы массалык нааразычылык акциялары июндун аягында, Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүү киргизген долбоор жаңылангандан кийин башталган. Конституциянын жаңы редакциясында Каракалпак Республикасынын макамынан суверендүү деген сөздү жана республиканын Өзбекстандын курамынан чыгуу укугун алуу тууралуу айтылган.

1-июлда Каракалпакстандын борбору Нукус шаарында жана башка шаарларда миңдеген митингчилер чыккан. Бул шаарга президент Мирзиёев эки жолу барды.
Каракалпакстан Республикасы Өзбекстандын 40 пайызын ээлеп, 2 миллиондой адам жашайт. Расмий тилдери — каракалпак жана өзбек тилдери.

Совет доорундагы Кара-Калпак автономдуу облусу Өзбек ССРинин курамына 1936-жылы кирген болчу. 1990-жылы Каракалпак АССРинин Жогорку совети мамлекеттик суверенитет тууралуу декларация кабыл алган. Бирок 1993-жылы Каракалпакстанды Өзбекстандын курамына киргизген эл аралык келишим түзүлгөн.