Кыргызда атанын байлыгы балага  жукпайт же байлык деле болуп бербейт деп айтылат. Бирок, акылдуу, жигердүү бала атасынын кадырын улайт, байлыгын чогултат, акылы жоктор атасынын кадырына шек келтирет, байлыгын чачат.

Азыр жаштардын арасында “атасынын акчасына” деген жакшы бир сөз бар экен. Көрсө бул “атасынын байлыгына”, “атасынын атын жамынып”, “атасынын арты” менен “оокат” кылуу  Исхак Масалиевге так жана туура таамай айтылыптыр.

Себеби: дал ушул адам саясатка да атасынын арты менен,  атасынын аты менен келди.  Атасынын кадыры менен депутат болду,  жакшы кызматтарды жетектеди, эмгектенди бирок, мамлекет үчүн да татыктуу результат бере алган жок. Болсо кана айтсынчы көкүрөк кагып,  “мына, мен муну жасадым, атамдын артык уул болдум”,  деп,  жок айта албайт.  Адатта атадан балага башкаруу жөндөмдүүлүк, ишбилгилик атасынын каны менен өтөт. Ал эми Масалиев атасынын атын актай албай келет. Бир кезде салык жаатында иштеп жүргөндө, салыктын акчасын нормага жеткирбей түшүрүп жиберген. Муну азыркы  Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өз оозу менен  айтып жүрөт.

Эл арасынан биз Масалиевге барып жардам алдык, элге кызмат кылды эл уулу деген бир да сөз укпадык. Өмүр бою атасы кашыктап чогулткан авторитеттин популсит болуп, чакалап  чачып келе жатат.

Айрым бир маалыматтарга караганда казинонун катыгын  берип жүргөн дейт. Бул сөз жөн жеринен айтылбаса керек. Анткени Масалиевдин азыркы абалы буга далил.

Кечээ жакында Адахан Мадумаровго кошулуп, ал партиянын атынан “казиного каршы” добуш бердим деп чоң бир ишти жасап койгондой мактанышты. Бирок, Кыргызстанга  акча аба-суудай керек экенин, тышкы карыз коколоп турганын билгилери да келген жок. Ушинтип, “казиного каршы” добуш бердим деп мактанбай, Кыргызстанды карыздан сууруп чыга турган реалдуу сунуш берсе анда чыныгы эл уулу деп мактайт элек. Бирок, Масалиев анте алган жок… Партиялаштарынын шары менен эле, Мадумаровдун айтканын кайталап жатканы өкүнүчтүү…

Надыр Бишкек