“Бүтүн Кыргызстан” партиясын жетектеп, бир топ кадырлуу саясатчыларды партияга кошуп алуу ниетинде 2020-жылдагы шайлоодо Адахан Мадумаров уят эле болгон. Элге таанылып калган саясатчылар Мадумаровдун партиясына кошулуп, жарым айга жетпей артын карабай, качып, чыгып кетишкен.

Эмнеге аттуу-баштуу саясатчылар Мадумаровдун партиясына кирип, кайра чыгып кеткен себептерин ошол кезде эле четинен айтып чыга баштаган. Ал адегенде бал тилге салып, алтын тоону убада кылып, соодалашып, акча алып, андан кийин ал жерде өзүм бий, өзүм хан деп кагып, силкип, милдеттүү түрдө жардам беришиң керек деп аттуу-баштуу саясатчыларды зекип кириптир. Бул тууралуу ошол кезде эле белгилүү саясатчы Турсунбай Бакир уулу куран кармап, карганып, Мадумаровдун кылык-жоруктарын коомчулукка айтып берген.
Мадумаровдун тили буудай кууруйт, сууга салса тили менен эле сайрап жатып кургак чыкчу саясатчылардын бири.

Тилекке каршы, коомчулук деле ар бир саясатчынын Кыргызстан мамлекети үчүн иштеген, жасаган иштерин билет. Бирок, Мадумаровдун өлкө үчүн кымындай да жакшы жасаган иштерин көрө алган жокпуз. Ал Бакиев президент болуп турган учурунда Мадумаров Тажикстанга кыргыз жерин сатып жибергени элдин эсинде калды. Мына, Мадумаровдун бир эле мыйзасыз аракети, өз билемчилигинин айынан азыркыга чейин Баткен эли азабын тартып, коңшу өлкөлөр менен урушуп келишет.

Адахан мырзанын дагы бир кызык окуясы бар. Эсиңиздерде болсо Бакиев президент болуп турганда ал парламентте спикер эле. Бакиев чет өлкөгө ден соолугуна байланыштуу кеткенде аны “өлдү” деген кабар таратып, дароо спикерликтен президенттикке секиргиси келген ушул болчу.
Андан тышкары ошол кезде эл кыйналып турганда Парламентти кымбат баалуу, өтө эле кымбат эмеректерди алам, ремонттотом деп элдин каарына калган.
2020-жылы пандемия башталып, карапайым эл бири бирине жардам бере баштаган кезде “коронавирус жок” деп канчалаган адамдардын убалына кады. Түз эфирден мындай вирус бийликтин оюну деп айтып, бири бирине жардам берген элди көрүп, үйүмдө кашык унум, бир литр майым да жок деп жар салганы элдин кыжырын ого бетер келтирген.

Мадумаровдун “коронавирус жок” деген кайрылуусун угуп, канчалаган адам маскасыз жүрүп, оору жуктуруп кыйналышты.
Айта берсе Мадумаровдун кыргыз элине кыпындай да жакшылык кылганын көрө алган жокпуз.

Эми да парламентте адаттагысындай акылдуусунам деп жаштардан кагуу жеп, жек көрүндү боло баштады. Тилекке каршы Мадумаров өзүн башкалардан дайыма жогору коет, акылдуусунат. Бирок, азыр андан да мыкты, андан да билимдүү жаштар парламентте отурганын эске албайт. Анан кагуу жейт, шагы сынат… Мадумаровго качан акыл кирет болду экен?