Бүгүн, 4-июлда Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров жана Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз-өзбек достук, ынак коңшулук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин мындан ары чыңдоонун актуалдуу маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тарап Өзбекстанда болуп жаткан окуяларды абдан тынчсыздануу менен кабыл алганын белгиледи.

Ал өз убагында, чечкиндүү жана макулдашылган аракеттердин аркасында Каракалпакстандагы кырдаалдын нормалдашуусун камсыздоо жана анын мындан ары курчушуна жол бербөө мүмкүн болгондугун баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Өзбекстандагы конституциялык реформалардын жыйынтыктары туруктуулукту камсыз кылуу үчүн бекем пайдубал түзөөрүнө жана өлкөнүн узак мөөнөттүү стратегияларын ишке ашыруунун ишенимдүү кепилдиги болуп кызмат кыларына ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 21-июлунда Кыргызстанда өткөрүү пландалган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын Консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана күн тартибин талкуулашты.

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн бардык лидерлери бул иш-чарага катышуу чакыруусун кабыл алышканы белгиленди.