2022-жылдын 4-июль күнү ИИМдин Борбордук аппаратында кызмат учурунда өрттөн эки адамдын өмүрүн сактап калган  ИИМдин Күзөт кызматынын Биринчи май райондук күзөт бөлүмүнүн милиционери милициянын старшинасы Калыбек Асылбековго сыйлык тапшырылды.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов медалды тапшырып жатып, милиция кызматкерине көрсөткөн эрдиктери үчүн ыраазычылык билдирип, арабызда коомдук тартипти сактоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө өз өмүрүн тобокелге салып, күн сайын кызмат өтөп жаткан эр жүрөк тартип сакчылары бар экенин сыймыктануу менен белгиледи.

Белгилей кетсек, буга чейин милициянын старшинасы Калыбек Асылбеков мамлекеттик имаратты  кайтаруу учурунда көп кабаттуу үйдөгү батирлердин биринде эки жолу жарылуу болгонун уккан. Ал жерде жарандардын топтолуп жатканын көрүп, барган учурунда көп кабаттуу үйдөгү батирде өрт чыгып жатканын көрүп, тез арада подьездке кирип, электр щитти өчүргөн. Андан соң өрт чыгып жаткан батирдин катуу жабылып калган эшигин ачууга аракет кылып жаткан учурда балдардын жардамга чакырган үндөрүн уккан. Тез арада жардам берүүнү көздөп,  жанында турган жарандын жардамы менен эшикти ачып кирген. Милиция кызматкери Калыбек өз өмүрүн тобокелге салып, бетин сууланган сүлгү менен жаап, түтүнгө толгон батирден 4-5 жаштардагы кызды издеп таап, алып чыккан. Ошондой эле кыздын апасын өрттөнүп жаткан үйдөн чыгарууга жетишкен.

Көрсөткөн эрдиги үчүн милиция кызматкери Калыбек Асылбеков ИИМдин «Каармандык» медалы менен сыйланды.

ИИМдин Басма сөз кызматы