2022-жылдын 3-июль күнү саат 18:30 чамасында Ысык-Көл облусундагы “Радуга” эл алуу жайында эс алып жаткан 60-65 курактагы аял сууга түшүп жаткан учурунда чөгүп бара жаткан жеринен жардам сурап кыйкырган.  Ошол учурда көлдүн жээгинде кызматын өтөп жаткан ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкери милициянын старшинасы Адылбек Апышев жардамга чакырган үндү угуп калып,  дароо чуркап барып пирстен сууга секирип,  аял кишини куткарып чыккан.

Эс алуучуну сууга чөгүп бара жаткан жеринен аман-эсен куткарып чыккан милициянын старшинасы Адылбек Апышевге анын жакындары терең ыраазычылыгын билдиришти.

 ИИМдин Басма сөз кызматы