2022-жылдын январь-июнь айларында пенсия жана жөлөкпулга 27 млрд 326,8 млн сом каржыланды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматы кабарлады.

Алсак:

  • Бишкек шаары — 4 млрд 413,3 млн сом
  • Чүй облусу — 4 млрд 131,5 млн сом
  • Нарын облусу — 2 млрд 171,9 млн сом
  • Ысык-Көл облусу — 2 млрд 486,9 млн сом
  • Талас облусу — 1 млрд 131,5 млн сом
  • Ош шаары — 979,8 млн сом
  • Ош облусу — 5 млрд 012,3 млн сом
  • Баткен облусу — 2 млрд 299,6 млн сом
  • Жалал-Абад облусу — 4 млрд 700 млн сом.

Үстүбүздөгү жылдын июнунда пенсия жана жөлөкпулдарга 4 млрд 580 млн сом бөлүнгөн.